Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинде «Окуу керемет!» долбоорунун негизинде «Окуйбуз, изилдейбиз, жаратабыз!» долбоорунун мектептик туру болуп өттү.
2023-жылы 29-ноябрда «Окуйбуз, изилдейбиз, жаратабыз!» долбоору менен 1-4-класстар аралык сынак уюштурулуп мектептик туру ийгиликтүү болуп өттү. Бул долбоордун максаты ата-энелер балдары менен биргеликте изилдөө иштерин жүргүзүшөт.
4-а класс: «Улуттук баш кийимдер», 4-б класс: «Сары май», 4-в класс: «Комуз», «Бешикке салуу», 3-а класс: «Курут», 3-б класс: «Калпак», 3-в класс: «Жылтырак баштыктын зыяндуулугу», 2-а класс: «Жер-суунун аттары», 2-б класс: «Гүлдөй өс, гүлдөй жайна», 2-в класс: «Суу өмүрдүн булагы», 1-а,б класстары: «Сүт азыктары» темаларын изилдешти. Жыйынтыгында эң мыкты изилдөө жүргүзгөн класстар 3-а, 3-б, 2-в деп табылып райондук турга жолдомо алышты.
Комментарии