Жоробек Сатылганов атындагы орто мектеби Нарын областы Ак - Талаа району Кара - Ой айылы

Новости

«Ата-энелер» мектеби тарабынан «Мы спорттивная семья» спорттук иш чарасы өткөрүлүп, ата — энелер активдүү катышышты. алдынкы орунду алган үй бүлөлөр баалуу белектер менен сыйланышты. ал эми активдүү катышуучулар да кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.
02.02.2024 17
«Ата-энелер» мектеби долбоорунун алкагында Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин мугалими Сапарбаева Асел Жолочиевна гүл челектерди алып келип, тоодон атайын кара топурак алынып келип, ата-энелердин жардамы менен ар бир кабинетке гүлдөр отургузулду.
02.02.2024 12
«023-2024- окуу жылы «Ата — энелер » мектебинин кызыктуу иш чаралары менен башталды. ата-энелер менен тыгыз байланыш тузүп мектептин мугалими Сапарбаева Асел жолочиевна иш алып барды. «Таланттуу үй-бүлө» конкурсу өткөрүлүп, ата — энелер балдары менен өзөнөрлөрүн тартуулап, баалуу белектер менен сыйланышты.
02.02.2024 22
2023-окуу жылында NAMA фондунан Bright программасын Таялиева Жылдыз эже жана Себетова Алтынай эжекелер окуп келип, март айында мектептеги 8-класстын 25 окуучусу менен 4 күндүк лагерь өтүштү. Лагерди аяктагандан кийин, алар смарт план түзгөндү, аны аткарууну, долбоор жазууну үйрөнүштү. Өздөрү мектептеги көйгөйлөрдү аныкташып окуунун аягында 4 долбоор жазышты. Жазылган долбоордун ичинен 2 долбоор ийгиликтүү ишке ашып, […]
02.02.2024 11
Кадырбек уулу Урмат  3-8 октябрда  Россия мамлекетинин Чебоксары  шаарында өткөн   «Кыргыз  Күрөшү» боюнча  Дүйнө чемпионатында  60кг  салмакта  1-орун. Кадырбек уулу  Урмат   3-8октябрда Россия мамлекетинин  Чебоксары  шаарында өткөн  «Хапсагай»(Якут күрөшү) күрөшү   боюнча   Дүйнө  чемпионатында  60кг  салмакта   2-орунду   алып  келди.
31.01.2024 13
Сапарбаева Асел Жолочиевна Индия мамлекетинин «Мугалимдердин билимин жогорулатуу»  курсунан 2023-жылдын 14-октябрынан  12- ноябрына чейин Хайдарабад шаарында, анлис тили жана чет тилдер университетинен өз билимин жогорулатып окуп келди.
29.01.2024 10
Тил күнүнө арналган «Кыз жигит» сармерден оюнун Сулайманова Гүлгакы, Жумалиева Базаркүл эжелер 10 -«а жана б» класстарынын окуучулары менен кызыктуу жана жогорку деңгээлде өткөрүштү.
29.01.2024 7
«Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун негизинде бардык башталгыч класстын мугалимдери «Коррекциялык окуу» модулун 3-8-ноябрында онлайн окушту. «Коррекциялык окуу »  боюнча жалпы мектеп мугалимдерине 17-ноябрда 2023-жылы семинар өтүштү. Семинарда коррекциялык окуунун максатын, маанисин а чып беришти. Окутууну жакшыртуу, техникалык каражаттарды сабакка колдонуу максатында мугалимдер семинарда бир нече платформаларды, энержайзерлерди көрсөтүштү.
29.01.2024 18
Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин 4-в классынын окуучулары ата-энелер менен бирдикте  «Окуу керемет!» долбоорунун негизинде «Окуу фестивалы» иш чарасын жогорку деңгээлде уюштуруп өтүштү. Тилдин маанисин даңазалап ырлардан, учкул сөздөрдөн, акыйнек, макалдардан, тилдин жаралышы боюнча даярдашкан. иш чарага катышкан окуучулар ата-энелери менен бирдикте ар бири жомоктордон сценка келишкен.  Саламдашуу,  өздөрү боюнча маалыматты видео слайд кылып көрсөтүштү.
29.01.2024 4
Табигый илимдер усулдук бирикмесинин мугалимдери жаны платформалар менен тажрыйба алмашышты.  
29.01.2024 5
11-сентябрдан 23-сентябрга чейин «Тил илими» усулдук бирикмеси тарабынан  мамлекеттик тил кунуно арналган иш чаралар уюштурулуп, ачык сабактар жана башка иш чаралар откорулду. 10-«а «,»б» классынын окуучулары менен Жумалиева Базаркул, Сулайманова Гулгакы эжелер «Кыз жигит» сармерден оюнун жогорку денгээлде отуп беришти.
28.01.2024 9
2023-жылы 29-ноябрда «Окуйбуз, изилдейбиз, жаратабыз!»  долбоору  менен 1-4-класстар аралык сынак уюштурулуп  мектептик туру ийгиликтүү болуп өттү. Бул долбоордун максаты ата-энелер балдары  менен биргеликте изилдөө иштерин жүргүзүшөт. 4-а класс:  «Улуттук баш кийимдер»,  4-б класс:  «Сары май»,  4-в класс: «Комуз»,   «Бешикке салуу»,  3-а класс: «Курут»,  3-б класс: «Калпак»,  3-в класс: «Жылтырак баштыктын зыяндуулугу»,  2-а класс:  «Жер-суунун аттары»,  […]
25.01.2024 10
1 / 3123