Жоробек Сатылганов атындагы орто мектеби Нарын областы Ак - Талаа району Кара - Ой айылы

Ички тартиби

 

Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин

ички эмгек тартиби

  1. Жалпы жобо

1.1. Мектептин ички эмгек тартибинин эрежелери (мындан ары-Эреже) бирдиктүү эмгек тартибин белгилейт.

1.2. Эрежелер Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү”, “Мугалимдин статусу жөнүндөгү” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы №541 токтому менен бекитилген “Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү Жобого, мектептин Уставына ылайык иштелип чыкты

  1. 2. Эрежелердин максаты:

2.1. Иштин натыйжалуу жүрүшүнө шарт түзүү, жумуш убактысын рационалдуу пайдалануу жана эмгек тартибин жөнгө салуу;

2.2. Мектепте саясий уюмдарды, партияларды, диний уюмдарды түзүүгө жол берилбейт;

2.3. Мектеп менен уюмдаштыруучулардын ортосундагы мамиле түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде аныкталат. Окуучулар менен алардын ата-энелеринин ортосундагы мамиле Уставдын негизинде жөнгө салынат;

2.4. Окуучуларды медициналык кароодон өткөрүүгө мектеп тиешелүү шарт түзүп берет. Саламаттык сактоо мекемелери тарабынан ар бир баланын ден соолук баракчалары толтурулат, класстык журналдарга жазылат;

2.5. Башталгыч класстын окуучуларын мыйзамда каралган ченемде тамактанууну камсыз кылууга өз алдынча орун берилет

  1. Укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги

3.1. Мектепте ички мамиле педагогикалык кызматкерлер менен окуучулардын ортосундаадамдык ар-намысты татыктуу урматтоону колдоо негизинде жүргүзүлөт.

3.3. Окуу процесси окуучулардын, ата-энелердин Конституциялык укугунун негизинде тандап алган мамлекеттик же расмий тилде окутуу жүргүзүлгөн класстарда ишке ашырылат.

3.4. Мектепте окуган окуучулар төмөндөгүлөргө

УКУКТУУ:

  • Мамлекеттик стандарттын негизинде акысыз баштапкы, негизги, жалпы билим алууга;
  • Мамлекет башталгыч,жалпы жана негизги билим алуунун милдеттүүлүгүн,акысыздыгын жана жеткиликтүүлүгүн,ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы орто билим алуунун акысыздыгын кепилдейт.
  • Окуучулардын рассасына,улутуна социалдык абалына карабай тең укуктуу мамиле кылынат.
  • Китепкана фондусунун адабий-көркөм китептерин акысыз пайдаланууга;
  • Мектепте өзүн-өзү башкаруу уюмунун иштерине катышууга;
  • Мектепте окуу-тарбия иштери боюнча өткөрүлгөн иш чараларга катышууга;
  • Өз көз караш-ынанымдарын эркин билдирүүгө;

МИЛДЕТТҮҮ:   

  • Билим берүү уюмунун ички тартип эрежелерин сактоого;
  • Улуттук каада-салттарды урматтоого;
  • Атайын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле мектептин жалпы чогулушу тарабынан бекитилген же сунушталган мектеп формасында, таза жана тыкан кийимде келүүгө (дене тарбия сабактарында спорттук кийимдерди колдонууга);
  • Мектепке сабак башталардан 15 мүнөт эрте келгенге;
  • Өзүнүн окуу орундугун жана окууга керектүү куралдарын сабакка даярдоого;
  • Мектепте жана мектептен тышкаркы жерлерде өзүн маданияттуу алып жүрүү, мектептин ички тартибине ылайык жүрүм-турум эрежелерин сактоого (окуу процессин бузбоо, сабактарга ар дайым даяр болуу, сабактарга кечикпөө, класс жана мектеп турмушуна катышуу, сабак учурунда телефон колдонбоо);
  • Мектептин эмеректерине аяр мамиле кылууга;
  • Мугалим берген тапшырманы өз убагында, так аткарууга, жоопкерчиликтүү мамиле кылууга;

3.5.Окуучуларга тыюу салынат:

  • Мугалимдин уруксатысыз сабак учурунда мектептен кетүүгө;
  • Спорттук, маданияттык жана класстан тышкаркы иш-чараларды таштап кетүүгө;
  • Кооптуу абалды пайда кылуучу иш-аракеттерди кылууга (терезеге, партанын үстүнө чыгып ойноого, ар кандай күйүүчү, жарылуучу заттарды колдонууга);
  • Ден соолукка зыян келтирүүчү заттарды, препараттарды, суусундуктарды колдонууга (алкоголь, наркотиктер, токсиндер, амфетоминдер, тамеки ж.б.);
  • Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян алып келүүчү заттарды пайдаланууга;( бычак, маки, кастет ж.б.);
  • Мектепте психо-активдүү заттарды колдонууга (насвай, тамеки, алкоголдук жана энергетикалык ичимдиктер);
  • Орой, сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга;
  • Ар кандай диний агымдарды жайылтууга;
  • Азарттык оюндарды ж.б. адамдын өмүрүнө жана психологиясына терс таасир этүүчү оюндарды ойноого;
  • Сабак учурунда уюлдук телефондорду колдонууга;
  • Сабактарды себеби жок калтырууга тыюу салынат.

3.6. Мектеп буюмдарынын жана окуу куралдарынын сакталышы:

  • Бардык окуучулар мектеп буюмдарын сактоого милдеттүү, өз буюмдарына этияттык менен мамиле кылуусу зарыл;
  • Окуучунун күнөөсү менен буюмдар бузулса, ата-энелери толугу менен ордуна коюусу, же түзөтүүсү керек;
  • Окуучулар мектептин территориясына жашыл дарактарды отургузууга жана сактоого көмөк көрсөтүүсү керек;
  • Окуу куралдары, китептер, окуучулардын күндөлүктөрү тыкандыкта болуусу керек;
  • Китептин барактарын жулуп, же бүктөбөш керек, китепке жазууга, же сүрөт тартууга болбойт;

3.7. Ата-энелердин мыйзамдуу өкүлдөрүнүн укуктары, милдеттери:

  • Ата-энелер жана аларды алмаштыруучу адамдар баланын толук кандуу өсүүсүнө,тарбия алуусуна,ден- соолугунун чындалышына,үй-бүлөөдө жана коомдо өз алдынча жашоого даярдануусуна зарыл шарттарды түзүүгө;
  • Ата-энелердин экөө тең, же аларды алмаштырган адамдар баланын тарбиялануусу тийиштүү түрдө багылуусу,материалдык жактан жана турак жай менен камсыз болуу үчүн кам көрүүгө;
  • Ата-энелер жана аларды алмаштыруучу адамдар баланы тарбиялоого алардын билим алуусуна кам көрүүгө,баланын жаш курагына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша анын аракеттерин башкарууга;
  • Ата-энелер жана аларды алмаштыруучу адамдар ата-энелер укуктарын ишке ашырууда балдардын дене бой жана психикалык саламаттыгына алардын адеп ыймандуу өнүгүүсүнө залал келтирүүгө укуктары жок. Балдарды тарбиялоо ыкмалары баланы этибар албаган катаал орой адамдык намысты басмырлаган   мамиле   жасап, мазактоого, эксплуатациялоого жол бербөөгө тийиш.
  • Ата-энелер балдарынын сабактан сырткары учурлардагы иш-аракеттеринин бардыгын көзөмөлгө алып алардын ар кандай кылмыштуулукка барбоосун көзөмөлдөө жагын өз мойнуна алат.
  • Мектептин уставын аткарууга милдеттүү.
  • Мектепте ата-энелер чогулушуна катышууга милдеттүү.
  • Баланын билим алуусуна көзөмөл кылууга . Сабактан калтырбай жиберип турууга.
  • Баланын проблемасы,жүрүш-турушу,мүнөзүндөгү өзгөрүүлөр боюнча кл.жетекчи менен дайым  байланышып турууга.
  • Мектепте коомдук иштерге активдүү катышууга милдеттүү.
  • Баланы мектепке окуу куралды,окуучулук формасы менен жиберүүгө милдеттүү.
  • Баланы сабактан кийинки коопсуздугуна ата-эне жооп берүүгө милдеттүү.
  • Ата-энелер жана аларды алмаштыруучу адамдар баланы тарбиялоого алардын билим алуусуна кам көрүүгө,баланын жаш курагына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша анын аракеттерин башкарууга укуктуу жана милдеттүү.
  • Ата-энелер жана аларды алмаштыруучу адамдар ата-энелер укуктарын ишке ашырууда балдардын дене бой жана психикалык саламаттыгына алардын адеп ыймандуу өнүгүүсүнө залал келтирүүгө укуктары жок. Балдарды тарбиялоо ыкмалары баланы этибар албаган катаал орой адамдык намысты басмырлаган   мамиле   жасап, мазактоого, эксплуатациялоого жол бербөөгө тийиш.
  • Ата-энелер балдарынын сабактан сырткары учурлардагы иш-аракеттеринин бардыгын көзөмөлгө алып алардын ар кандай кылмыштуулукка барбоосун көзөмөлдөө жагын өз мойнуна алат;
  • Мектептин уставын аткарууга;
  • Мектепте ата-энелер чогулушуна катышууга;
  • Баланын билим алуусуна көзөмөл кылууга . Сабактан калтырбай жиберип турууга.
  • Баланын проблемасы,жүрүш-турушу,мүнөзүндөгү өзгөрүүлөр боюнча кл.жетекчи менен дайым  байланышып турууга.
  • Мектепте коомдук иштерге активдүү катышууга;
  • Баланы мектепке окуу куралды,окуучулук формасы менен жиберүүгө милдеттүү.
  • Баланы сабактан кийинки коопсуздугуна ата-эне жооп берүүгө милдеттүү.
  • Баланын сабактан тышкаркы окуу эмес күндөрүндөгү жүрүм- турумуна,тарбиясына коопсуздугуна жалпы көзөмөл кылууга; Сабактан  кийинки  учурда  балдарына  транспорт берүүгө  тыюу  салынат, коопсуздугун   өз  мойнуна  алат.
  • Мектептин мүлкүнө баласынын аяр мамиле кылышына үйрөтүүгө,китептерди жоготсо же айрыса, мектеп инвентарларын сындырса,бүлдүрүлгөн буюмдун наркын төлөп берүүгө;

3.8. Педагогикалык кызматкерлер аткарууга тийиш;

  • Педагогдор тиешелүү мүнөзгө ээ болууга;
  • Мектептин Уставын жана ички эмгек тартибин аткарууга;
  • Мектептин ички тартибин сактоо менен балдарга зордук-зомбулук аракетин колдонбоого;
  • Медициналык кароодон өтүүгө;

3.9. Мектепте иштеген мугалимдер төмөнкүлөргө укуктуу:

  • Педагогикалык ишти уюштуруунун усулдары менен түрлөрүн талдоого;
  • Мектептин педагогикалык Кеңешине катышууга;
  • Мектептин ички тартип эрежесин талкуулоого, кабыл алууга, аткарууга;
  1. Окуу процессин анын ичинде окутуунун жана тарбиялоонун тилин, окуп жаткандарга сабак берүү режимин уюштуруу

4.1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген окуу программасы боюнча мамлекеттик стандарттын негизинде мектепте билим берүү 3 баскычты камтуу менен жүргүзүлөт: жалпы башталгыч 1-4-класс, жалпы негизги  5-9-класс, жалпы орто 10-11-класс.

4.2. Мектепте билим берүү мамлекеттик стандарттын негизинде жалпы билим берүүчү мазмунун камтыган программа менен аныкталат. Аны мектеп өз алдынча иштеп чыгат жана кабыл алат, ишке ашырат.

4.3. Окуу процессинин жүргүзүлүшүндө мектептин жылдык, календарлык пландарын, иштөө графиги, расписаниелер түзүлөт.

4.4. Окуучулардын билими “5” баллдык система менен бааланат. Ар бир предмет боюнча чейректеги баалар окуучунун жөндөмүнө, билимине жараша бааланат.

4.5. Ар бир окуу жылынын узактыгы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бекиткен окуу планынын негизинде жүргүзүлөт. 1 жыл ичинде 1-класстар 33 жума, 2-11-класстар 34 жума окушат. Окуу жылынын ичинде каникулдун узактыгы 30 календарлык күндү түзөт, жайкы каникул 8 жумадан көп, 1-класстын окуучуларына жыл ичинде кошумча 1 жумалык каникул берилет.

4.6. Мектеп окутуунун Билим берүү стандартына ылайык жүргүзүлөт.

4.7. Окутуу күндүз кыргыз тилинде жүргүзүлөт.

4.8. Мектеп окуу-тарбия ишин өнүктүрүүнүн келечеги үчүн жаңы технологияларды колдонуу менен окутуунун активдүү формаларын өркүндөтүп, чыгармачыл, өзгөчө зээндүү, таланттуу окуучулар менен иштөө, чыгармачыл мугалимдердин өздүк демилгелерин колдойт.

4.9. Мектепте окутуу 2сменада жүргүзүлөт. 1-смена саат 8:00дө башталат, 2-смена 13:15те башталат. Сменалардын убактысы жыл мезгилдерине жараша өзгөртүлүшү мүмкүн.

4.10. Сабактардын узактыгы 1-класстар үчүн 40 минута, 2-11-класстар үчүн 45 минутаны түзөт.

 

Эрежелер Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү”, “Мугалимдин статусу жөнүндөгү” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы №541 токтому менен бекитилген «Жалпы бил“м берүү уюму жөнүндө” типтүү Жобого, Мектептин Уставына ылайык иштелип чыкты.

 

 

Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин директору:                    Төлөбек кызы Анара