Мектептин тарыхы
Жоробек Сатылганов атындагы орто мектеби 1920-жылы «Ботояр» башталгыч, 1930-жылы “Кызыл мектеп”, 1936-жылы Ленин атындагы орто мектеби болуп аталып келген.
-1929—1936-жылдары Сарыбаев Ибраим,
-1936-1950-жылдары Сарымсаков Өмүраалы,
-1950-1953-жылдары Сарыбаев Шакен,
-1953-1977-жылдары Жайлообаев Асек, Бердикеев Султанбек, Солтонкулов Мааданбек, Ибраимов Барий, Кожоекова Үпөл, Бектуралиев Кадырбек, Мааткеримов Жусу, Курманов Жакен,
-1978-1993-жылдары Нурдинов Сарбагыш,
-1994-2022-жылдары Боронбаев Санамбай, Чүйтүев Талант, Нурдинов Эркинбек, Сатиндиев Мирбек, Иманкулова Рыскүл, Нурманбетова Гүлмайрам, Тиленбаева Ажаркүл, Нурдинов Эркинбек,
— 2022-жылдын октябрынан бери Төлөбек кызы Анара директор болуп иштеп келүүдө.
1988-жылы 3 кабаттуу 624 орундуу типтүү мектеп салынган.
Мектепте Тоголок Молдонун, Жоробек Сатылгановдун музейлери уюшулган.
Нурдинов Сарбагыш 2003-жылы, Жусупбеков Төлөбек 2004-жылы Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген мугалим” наамын алышкан.
2022-2023-окуу жылында 28-класс комплекти, 2 даярдоо классы бар 605 окуучу окуйт. Аларга 55 мугалим билим — тарбия беришет. 23 мугалим Кыргыз Республикасынын “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси менен сыйланган.
Эмблема
Мектептин миссиясы:
Ата-энелер, коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө аркылуу коомдо натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү, жашоо өзүнүн ордун таба билген ар тараптан өнүккөн инсанды окутуп тарбиялоо