2023-2024-жыл BRIGHT программасы. «Достук отургучу» жана «ROCKET LIBRARY» долбоору
2023-окуу жылында NAMA фондунан Bright программасын Таялиева Жылдыз эже жана Себетова Алтынай эжекелер окуп келип, март айында мектептеги 8-класстын 25 окуучусу менен 4 күндүк лагерь өтүштү. Лагерди аяктагандан кийин, алар смарт план түзгөндү, аны аткарууну, долбоор жазууну үйрөнүштү. Өздөрү мектептеги көйгөйлөрдү аныкташып окуунун аягында 4 долбоор жазышты. Жазылган долбоордун ичинен 2 долбоор ийгиликтүү ишке ашып, мектептин алдына 4 отургуч, мектептин 1-кабатына ракета китеп койгучу отургучу менен жазалды. Бул долбоорлорду ишке ашырууга ата энелер чоң жардам беришти.
Комментарии