Өмүр баян
Төлөбек кызы Анара,1979-жылы 27-июлда Нарын областынын
Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулгам.
1986-жылы Жаңы-Тилек орто мектебине 1-классына кирип,1996-жылы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебин ийгиликтүү аяктадым.
1996-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетине 1-курсуна кабыл алынып , 2002-жылы
“кыргыз тили жана адабияты мугалими “ адистигине ээ болуп бүтүрдүм.
1998-жылы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебине кыргыз тили,адабияты мугалими болуп, эмгек жолумду баштадым.
Билим берүүдөгү үзүрлүү эмгеги жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн “Үлгүлүү кыргыз тили мугалими -2005” кароо-сынагынын активдүү катышуучусу “райондук билим берүү бөлүмүнүн Грамотасы,2010-жылы Нарын облустук Билим берүү округунун “Ардак Грамотасы” , 2014-жылы ” Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги” төш белгиси менен сыйлангам.
2013-жылдан 2022-жылга чейин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштедим.2019-жылдан бери НАМА фондунун
NICE KYRGYZSTAN уюмунун Едулид программасы менен иштешип,
мектеп жетекчилиги боюнча окуулардан өттүм.О.э.ушул программанын алкагында “Мектеп чөйрөсун жакшыртуу”долбоорлорун жазып ,
2021-2022-окуу жылдарында тест борборун ачуу үчүн кабинет ремонту ,аны ноутбук ,интерактивдүү доска ж.б.керектүү жабдуулар менен жабдып заманбап технологияларды мектепке тартууга көмөк көрсөтүп келе жатам.
2022-жылы 30-сентябрда өткөн КРнын Президентинин Жарлыгы менен өтүлгөн конкурстун жыйынтыгынын негизинде директорлук кызматына келдим.
Үй-бүлөлүүмүн , 4 баланын энесимин.