Толук аты-жөнү: Жусупбеков Бакытбек Төлөбекович
- Туулган жылы жана жери: 13.01.1975, Нарын облусу, Ак-Талаа району, 1-Май айылы.
- Билими: Жогорку, 1996-жылы Кыргыз агрардык академиясынын агрардык-инженердик факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.
- Илимий даражасы: техника илимдеринин кандидаты
- Илимий наамы: «Транспорт» адистиги боюнча доцент, «Тоо машиналары» адистиги боюнча ага илимий кызматкер.
- Ишке орношкондон тартып аткарган кызматы:
- 1996-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын машина таануу институтунун «Күчтүк импульстук системалары» лабораториясында 1-категориядагы инженер.
- 1998-2002-жылдары Кыргыз агрардык академиясынын «Жол кыймылын уюштуруу» кафедрасынын ассистенти.
- 2002-2007-жылдары Кыргыз агрардык университетинин «Жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздугу» кафедрасынын улуу окутуучусу.
- 2007-2012-жж Кыргыз агрардык университетинин инженердик-техникалык факультетинин деканынын орун басары, «Кыймылдын коопсуздугу жана аны уюштуруу» кафедрасынын доценти.
- 2012-жылдан Кыргыз агрардык университетинин «Жол кыймылынын коопсуздугу» кафедрасынын доценти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын машина таануу институтунун жетектөөчү илимий кызматкери.
- 2020-жылдан баштап «Ташууларды уюштуруу жана кыймылдын коопсуздугу» кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина таануу институтунун жетектөөчү илимий кызматкери болуп эмгектенүүдө.
- 7. Илимий эмгектери: 50 дөн ашык басма иштери жарык көргөн: анын ичинде 40 тан ашык илимий макалалар; 5 усулдук көрсөтмөлөр; 3 тезис жана 1 монография.
- Илим изилдөөсү: «Вибрациясы азайтылган гидравликалык сокку машиналарды жаратуунун илимий-методикалык негиздерин иштеп чыгуу» темасынын үстүндө докторлук диссертациясын аткарууда.
- Сыйлыктар: Көп жылдык абийирдүү эмгеги үчүн Кыргыз улуттук агрардык университетинин «Ардак грамотасы», Кыргыз Республикасынын «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси менен сыйланган.
- Дареги жана телефону: Бишкек ш. Т.Фрунзе 31к.
Телефон ном.; 0708 379450
- e-mail: [email protected]