Жоробек Сатылганов атындагы орто мектеби Нарын областы Ак - Талаа району Кара - Ой айылы

Жолочу уулу Нурсултан

Жолочу уулу Нурсултан, 1991-жылы 18-ноябрда Нарын облусунун Ак- Талаа районунун Тоголок Молдо айылында төрөлгөн. 1998-жылы Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебине 1-класска кирген жана ошол эле мектепти 2008-жылы аяктаган. Мектепти аяктагандан кийин Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана арихитектура университетине тапшырып, 2014-жылы ”Жылуулук, газ менен камсыз кылуу жана вентиляция” боюнча инженер кесибине ээ болгон. 2018-2019-жылдары  GIZ уюму тарабынан жаш лидерлерди окутуу боюнча “Дилгир” жана “Жаштар учун перспектива” программаларын ийгиликтүү аяктан. 2009-2010-жылдары “Кутчу”, “Дыйкан” чарбасынын мүчөсү, 2010-2016-жылдары ушул дыйкан чарбанын жетекчиси болгон. 2016-2019-жылдары Тоголок Молдо айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаалдар жана комуналдык суроолор боюнча адис болуп эмгектенген. 2019-2020- жылдары Тоголок Молдо айыл өкмөтүндө жоопту катчы болуп иштеген. 2020-2022-жылдары Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. Өзүнүн айылы үчүн көптөгөн долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган. Үй- бүлөлүү, 3 уулдун атасы.