Жоробек Сатылганов атындагы орто мектеби Нарын областы Ак - Талаа району Кара - Ой айылы

Сапарбаева Асел Жолочиевна

Сапарбаева Асел Жолочиевна 1982-жылы 25- сентябрда Ак Талаа районундагы Тоголок Молдо айылынды туулган. 1988-жылы Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов мектебине 1-класска кирип, ошол эле мектептен 11- классты 1999-жылы аяктаган.  1999-жылы Нарын Мамлекеттик Университетинин филология факультетине тапшырып, 2004- жылы жогорку билимге ээ болуп, англис тили мугалими адистигине ээ болгон. 2004- жылдан бери Жоробек Сатылганов мектебинде англис тили мугалими болуп эмгектенип келе жатат. 2014- жылы Америка Кошмо Штатынын Монтана Мамлекеттик Университетинде стажировкадан өткөн. Америка Кошмо Штатынын жана Айрекс уюмунун “Teaching Excellence and Achievement” программасынын бүтүрүүчүсү, Монголиянын USAID Mongolia LEAD Alliance программасынын бүтүрүүчүсү, Малайзиянын НАМА фондусунун ыктыярчылыкты башкаруу боюнча “Count Me In’’ программасынын бүтүрүүчүсү. 2015-2016-жылдары Тынчтык Корпусунда Тил жана Маданият алмашуу фасилитатору болуп иштеген. 2017-2019-2020-2022-жылдары Тынчтык Корпусунда Техникалык жана Маданият алмашуу фасилитатору болуп, жаны келген ыктыярчыларга англис тилин окутуу методикасы боюнча тренингдерди өткөм.

Эко Деми уюмунун волонтеру, ЮНИСЕФ уюмунун волонтеру, Лингва инновациялык билим       берүү фондунун регионалдык тренери,  NAMA фондунун, NICE Kyrgyzstan уюмунун тренери. Мектеп үчүн жана жамааты үчүн бир нече долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган.

  • Америка Кошмо Штатынын чакан гранттар долбоорунун негизинде $4000 “Ынтымактуу Мектеп“ долбоорун ийгиликтуу ишке ашырган, декабрь 2021-жыл
  • Америка Кошмо Штатынын чакан гранттар долбоорунун негизинде $4009 “Эне-кызы конференциясы“ долбоорун ийгиликтуу ишке ашырган, март 2021-жыл
  • Тынчтык Корпусунун волонтеру менен бирге $2500 долбоорду ишке ашырып, Ак Талаа районундагы англис тилчи мугалимдерди окутуу методикасы боюнча окуткан жана мектептерге Macmillan Hot Spot англис тили китебин алып берген, 2018-жыл
  • Кыргызстандагы Америка Элчилиги тарабынан уюшулган “Мыкты сабактын планы” конкурсунун 3 жолку жеңүүчүсү болгом, 2016-2017-2018-жыл
  • Американын кыргызстандагы Элчилигинин Аксес Майкросколаршип программасынын англис тили мугалими болуп иштеген, ноябрь 2017- июль 2019
  • Манголия, Улан Батордо откон USAIDдин ”LEAD ALLIANCE” программасынын бүтүрүүчүсү, апрель 26- март, 2019-жыл. Ушул программанын негизинде экологияны коргоо боюнча $4000 долбоорду ишке ашырган.
  • Тынчтык Корпусунун волонтеру менен бирге $4048 долбоорду ишке ашырып, англис тили ресурстук борборду эмеректер менен жабдыган, 2015-жыл

Окуткан окуучулары райондук олимпиадаларда ар дайым алдынкы оорундарды багынтышат. 2021- жылы окуучусу Кутманова Айнур англис тили боюнча республикалык олимпиадада 1-орунду камсыз кылган. 2 окуучусу: Дуйшонкулова Алтынай жана Мирбек кызы Мария Америка Кошмо Штатынын FLEX (ФЛЕКС) программасынын женуучусу болуп, Америкада  бир жыл окуп келишкен.

Алган сыйлыктары:

  • Нарын областтык билим беруу болумунун Ардак Грамотасы менен сыйланган, 2021-жыл
  • Кыргыз Республикасынын Аялдар Конгресинин Ардак Грамотасы менен сыйланган, 2021-жыл
  • Кыргыз билим беруу жана илим министрлигинин Ардак Грамотасы менен сыйланган, 2021-жыл
  • Ак Талаа райондук билим беруу болумунун Ардак Грамотасы, 2004, 2006, 2010-жылдар.
  • Тоголок Молдо айыл окмотунун Ардак Грамотасы, 2012-жыл

Үй бүлөлүү, жолдошу фермер, бир уул, эки кыздын энеси.