Жоробек Сатылганов атындагы орто мектеби Нарын областы Ак - Талаа району Кара - Ой айылы

Рыскелдиев Чынгыз Алмазбекович

Рыскелдиев Чынгыз Алмазбекович. 1992-жылы 25-октябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында төрөлгөн. 1999-жылы айылдагы Жоробек Сатылганов атында орто мектепке кирип аны 2010-жылы аяктаган. 2010 — жылы Бишкектеги Кыргыз-Түрк Манас университетинин Көркөм өнөр факультетинин (ал кезде Консерватория деп аталчу) Музыкалык өнөр бөлүмүнө тапшырып 2015-жылы аяктаган. Университеттен «эстрада ырчысы» жана «Музыка мугалими» адистигине ээ болгон. Университетте окуп жүргөндө 2012-жылы «Кыргызstar» деп аталган кабелдик каналга алып баруучу болуп кирип эмгек жолу алгач ошол жерден башталган. 2014-жылы КТРКнын Кыргыз радиосуна алып баруучулукка кастинг жарыяланып 100дөн ашык улан-кыздардын арасынан тандалып жумушка кабыл алынган. 2016-жылы Кыргызстан менен Түркиянын келишиминин негизинде Түрк телевидиниесинин «Түркия үнү» радиосунун Кыргыз кызматына бир айлык тажырыйба алмашууга барган. Ошол эле жылы жыл жыйынтыгында «КТРКнын мыкты кызматкери» болуп табылган. 2018-жылы кайрадан Түркия телевидиниесинин чакыруусу менен «ТРТ Аваз» телеканалына үч айга барып дикторлук кызматта иштеп келген. 2019-жылдан тарта 2021-жылгы чейин Кыргыз радиосу менен катарлаш эле Пирамида телеканалынын таңкы берүүсүндө алып баруучу болгон. Жети жылдык кызматтан соң 2022-жылдын 1-ноябрынан тарта Улуттук телерадио берүү корпорациясынын Замана студиясынын алып баруучусу катары эмгек жолун улантууда. Бул мезгил аралыгында ар кандай мамалекеттик иш чаралардын, маарекелердин, концерттердин, конкурстардын алып баруучусу болду.