Жоробек Сатылганов атындагы орто мектеби Нарын областы Ак - Талаа району Кара - Ой айылы

Райымбаева Анаркүл Асанбековна

РАЙЫМБАЕВА АНАРКҮЛ АСАНБЕКОВНА

Райымбаева Анаркүл Асанбековна 1979-жылы Нарын областынын Ак-Талаа районундагы

Ак-Кыя айылында туулган. 1985-жылы Ак-Кыя айылындагы  Ак-кыя орто мектебине 1-класска кирип,ошол эле мектепти 1995-жылы аяктаган. Мектепти аяктагандан кийин  Жалал Абад Мамлекеттик Университетинин Физика факультетине  тапшырып, 1999-жылы жогорку билимге ээ болуп,физика сабагынын мугалими деген кесипке ээ болгон. 1999-жылдан бери Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинде  физика сабагынын мугалими болуп эмгектенип келе жатат.

Окуткан окуучулары райондук олимпиадаларда жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп областык деңгээлде ат салышып келишкен.

2022-жылы “21-кылымдын интеллектуалдарыбыз” кароо сынагына катышып окуучусу

Сарбагышов Кубат “Маалыматтык технологиялар”

Советбеков Дин-Ислам,Айылчиев Бекмырза, Бектур уулу Дастан  “Электр энергиясын алуу жолдору” боюнча райондук деңгээлден утуп, областык деңгээлде ат салышып келишкен. Жыйынтыгында Сарбагышов Кубат жеңүүчу деп табылып Эл аралык олимпиадага катышууга жолдомо алган. Эл аралык олимпиаданын жыйынтыгында окуучум Сарбагышов Кубат жеңүүчү деп табылып 2-орунду багындырып “Кумуш” медаль, кызыктыруучу сыйлык жана грамота менен сыйланган.

Ушул эле 2022-жылы  “ААЛАМГА САЯКАТ”долбоору боюнча жарыяланган конкурска катышып конкурстун жыйынтыгы менен Райымбаева Анаркул жеңүүчү деп табылып мектепке “ТЕЛЕСКОП”утуп келген.

Алган сыйлыктары:    Райондук БББ”Алкыш”, Нарын Облусттук Усулдук Билим Берүу Борборунун “Ардак Грамотасы”,     МНО”Ардак грамотасы”   Нарын облусунун “Ардактуу айымы”