Жоробек Сатылганов атындагы орто мектеби Нарын областы Ак - Талаа району Кара - Ой айылы

Мирлан Самыйкожо

Самыйкожо Мирлан – Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында 1984-жылы 19-майда туулган.
2001-жылы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектепти аяктаган.
2007-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
ЭМГЕК ЖОЛУ:
2002-жылы Чыгармачыл жаштардын
“Нурборбор” коомдук бирикмесине мүчөлүккө кабыл алынган.
2003-жылы аталган бирикменин проза ийриминин жетекчиси болгон.
2003–2004-жж. “Бийиктик” басмаканасында “Маданий иштерди жайылтуу”, “Менеджер”
2004-жылы “Айтыш” коомдук фондунун “Калемгер” адабий клубунун жетекчиси.
2006-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.
2007–2008-жж. Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун “Жаштар секциясынын” башчысы.
2008-жылы Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын радио бөлүмүнө ишке кирген.
2010-2015-жж. Кыргыз радиосунун башкы редактору.
2016-2017-жж. Кыргыз Республикасынын Маданият — маалымат жана туризм минстрлигинин “Искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын” башчысы.
2017-2018-жж. Кыргыз Республикасынын Маданият — маалымат жана туризм минстринин кеңешчиси.
2019-2020-жж. Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Маалымат жана котормо” студиясынын продюсери.
2021-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Депутаты.
СЫЙЛЫКТАРЫ:
2005-жыл Ж.Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты.
2007-жыл Казахстан Республикасынын Эл аралык “ШАБЫТ” фестивалында Акселеу Сейдимбек атындагы сыйлыктын лауреаты.
2008-жыл “Айкөл Манас” сыйлыгынын “Кыргызстандын канаттуу келечеги”наамы.
2010-жыл Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси.
2015-жыл ТҮРКСОЙдун ыраазычылык каты.
2020-жыл Кыргыз Республикасынын АРДАК ГРАМОТАСЫНЫН ээси.