Жоробек Сатылганов атындагы орто мектеби Нарын областы Ак - Талаа району Кара - Ой айылы

Мирбек кызы Мария

Мирбек кызы Мария, 2004-жылы 5-январда Нарын облусунун, Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында төрөлгөн. 2011-жылы Мырзабек Балбаков атындагы орто мектебине кабыл алынып, ошол эле жылдын ноябрь айында Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебине которулган. Мектеп учурунда “Жаш талант”, “ Манас Таануу”, “АКМО” жана башка кароо-сынак, олимпиадаларга катышып, активдуу окуучулардын катарын толуктап келген. Андан сырткары долбоорлордо ыктыярчылык кылып, “Багыт” лидер академиясынын бүтүрүүчүсү болгон. 2021-жылы FLEX( Future Leaders Exchange) программасынын финалистти аталып, 2021-2022-окуу жылын Америка Кошмо Штаттарынын Висконсин штатындагы Уошбурн шаарчасында Washburn High School мектебинде окуп келген. 2022-жылы мектепти аяктаган. Азыркы учурда Кыргыз Улуттук Университетинин студентти, “English zone” англис тил мектебинде модератор. Жана дагы да билимин тереңдетүү үчүн, ар кандай программалардын, долбоорлорду ишке ашыруунун үстүндө иштеп жаткан учуру.