Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында 1977-жылы туулган.
Педагогика илимдеринин кандидаты (2017-ж) Доцент. Новосибирскде, Душанбеде, Алматыда, Казаньда, Екатерингбургда,Бишкекте, Ошто, Таласта, Чолпон -Атада жарык көргөн 40 илимий эмгектин автору жана англис тилинен кыргыз тилине 20 көлөмдүү китепти жана 2 даректүү тасманы которгон. Индиядан, Турциядан, Россиядан жана Канададан квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттардын ээси. Кыргыз, орус, англис, француз жана түрк тилинде эркин сүйлөйт.Учурда Кыргыз- Түрк «Манас» университетинде жана Бишкек гуманитардык университетинде доцент болуп эмгектенет. Жаш жазуучулардын жана котормочулардын республикалык сынагынын жеңүүчүсү.(2016-ж). Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 2 ыраазычылык баракчасы менен сыйланган.