Жоробек Сатылганов атындагы орто мектеби Нарын областы Ак - Талаа району Кара - Ой айылы

Карыбекова Бегимай Нарынбековна

Бегимай Карыбекова 1998-жылы 3-сентябрда Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында туулган. Элетте чоң ата, чоң апасынын колунда тарбияланган. Мектепте окуп жүргөндө социалдык тармактарга активдүү кирген. Ошондон улам 14 жашында «Кыргызстан сулуусу» сынагына катышууга сунуш түшкөн. Өзүнүн айтымында, уюштуруучулар келбетине карап, конкурска жаш курагынан эрте катышууга уруксат беришкен. Ал сынактан «Мисс гламур» номинациясына татыган. Ошондон кийин сулуулук дүйнөсүндө жолу ачылып, моделдик агенттиктерден сунуштар түшө баштаган. Көп өтпөй ГонконгТаиландФилиппинСингапурдун моделдик агенттиктери менен иштешип, эл аралык «КМШ бикини сулуусу», «Мисс Кейт», «Мисс туризм — 2015», Miss Intercontinental 2016 жана Top Model of the World — 2016 сынактарда Кыргызстандын атынан чыгып, акыркы сынакта алдыңкы жетиликке кирген. 2017-жылы «Кыргызстан сулуусу» наамын алгандан кийин «Дүйнө сулуусу » конкурсуна жолдомо алып, бирок Кытайдын Бишкектеги элчилиги виза берүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу бара албай калган. 2018-жылы Бегимай Карыбекова «Аалам сулуусу» эл аралык сулуулук сынагына катышкан, муну менен ал сынккка катышкан биринчи кыргызстандык кыз болуп эсептелет[1] [2] [3] 

2018-жылдан бери расмий түрдө Маданият, маалымат жана туризм министрлиги колдоо көрсөткөн «Кыргызстан сулуусу» сынагын өткөрүп келет. Кыргызстанда өзүнүн моделдик мектебин да негиздеген.