1989-жылы 7-апрелде Нарын облусунун , Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында төрөлгөм.1996-жылы Ж.Сатылганов атындагы орто мектебине 1- класска кирген, 2007-жылы окууну ийгиликтүү аяктаган. Окуучу кезинен бери ар кандай айылдык, райондук сынактарга катышып спорт жаатынан көптөгөн ийгиликтерди багындырып келген.2014-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюунунда эңиш боюнча күчүн сынап Кыргызстандын желегин желбиретип чемпион болгон. 2015-жылы Үрүмчүдө болуп өткөн Азия чемпионатына жолдомо алып коло медалдын ээси болгон. Ошондой эле көптөгөн диплом, ардак грамота алкыш каттардын ээси болгон.2015-жылы Ак-Талаа районунун жана айылдын «Ардактуу атуулу» наамына ээ болгон. Азыркы учурда Сөң Көл командасына улак тартуу оюнунда мыкты оюнчу.