Жоробек Сатылганов атындагы орто мектеби Нарын областы Ак - Талаа району Кара - Ой айылы

Бегалы Токтогулов

Бегалы Токтогулов, 1994-жылы 13-февралда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында төрөлгөн. 2001-жылы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебине 1-класска кабыл алынып, 2012-жылы ийгиликтүү аяктаган. Окуучу курагынан тарта ар кандай айылдык, райондук, республикалык сынактарга катышып, мектептин атын чыгарып жүргөн. 2013-жылы Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз филологиясы факультетине тапшырып бакалавр, магистрдик билимге ээ болгон. Учурда аталган окуу жайдын аспиранты. «Асылдар» аттуу поэтикалык жыйнагын чыгарган. 2012-жылдан тарта Кыргыз радиосунун журналисти, 2019-жылдары Сүйүнчү радиосунда диджей жана башка телерадиолордо эмгектенип келет. Ошону менен катар Кусеин Карасаев атындагы БМУнун Мамлекеттик тил кафедрасында студенттерге сабак берет. Нурборбор чыгармачылык акындар борборунун, Ак-Талаа таланттар коомунун мүчөсү. Улуттук тил комиссиясынын, КТРКнын, ЖОЖдор аралык окумуштуулар кеңешинин жана башка бир топ ардак грамота, диплом, алкыш каттардын ээси.