25.02.1990
2008 -жылы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебин артыкчылык менен бүтүргөн. География боюнча Республикалык олимпиададан 2-орунда камсыздаган.
2008-2013 – жж Манас Университети Социология бөлүмүндө окуган. 2012-жылы 3-курста Бөлүм биринчилиги үчүн университеттин каржылоосунда Түркияда стаждан өткөн. Ага кошумча, Кыргызстандагы узун мөөнөттүү стажын Жогорку Кеңеште Эл өкүлү жардамчысы катары өткөн. Манас Университетин Бөлүм биринчилиги менен бүтүргөн.
2013 – жылы Түркиянын Премьер-министрлигине караштуу Türkiye Scholarships грантына тандоодон өтүп Түркиянын Селчук Университети Коомдук Илимдер Институтунда магистрда окуу мүмкүнчүлүгүн алган. 2016 – жылы «Кыргызстанда башкаруучу элитанын трансформациясы» темасында магистрдик ишин жактоо менен ийгиликтүү аяктаган.
2016-жылы экинчи жолу Türkiye Scholarships грантын утуп алуу менен Түркиядагы Ататүрк Университети Коомдук Илимдер Институтунда докторантурада окуу мүмкүнчүлүгүн алган. Азыркы учурда Селчук Университети Коомдук Илимдер Институтунун докторанты.
2017-жылы TÜRGEV (Түркия жаштар жана билим берүү фонду) грантынын негизинде Малайзиянын Albukhary International Universityнде «Англис тили жана башкаруучулук курсунда» билим алган.
2018-01.10.2021 — UDEF[1] Akademi Изилдөөчүсү, Академиялык консалтинг борборунун координатору.
01.10.2021-08.08.2022 — UDEF Аkademi Координатору.
08.08.2022ден бери – UDEF AR-GE Бөлүмүнүн Координатору. (AR-GE: Изилдөө, өнүктүрүү жана стратегиялык пландоо бөлүмү).
«Билим стипендиясынын» негиздөөчүсү: Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин жана Ак-Талаа районунун мектептеринин ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүнө мотивация максатында стипендия берип келет.
Kyrgyz Network Академиялык Уюму (куруучу мүчөсү) катары 2021-жылы Нарын, Ысык – Көл, Ош облустарынын алыскы айыл мектептеринин 9 жана 11-класстарынын окуучуларына «Кесип тандоо – Келечек тандоо» аттуу семинарлар уюштурушкан. Ак-Талаа районунда Тоголок Молдо, Куртка, Ак-кыя, Үгүт, Байгөнчөк жана Жеңиш айылдарында.
[1] UDEF: Federation of International Student Associations. Түркиянын жалпы аймагында 76 шаарда уюм офистери аркылуу Түркиядагы чет элдик студенттер тармагында иш алып барат.