Жоробек Сатылганов атындагы орто мектеби Нарын областы Ак - Талаа району Кара - Ой айылы

Алтынай Дүйшөнкулова

Алтынай Дүйшөнкулова. Жоробек Сатылганов орто мектебинин бүтүрүүчүсү. Тагыраагы, окуу жаатында тажрыйбасы өтө чоң. Жоробек Сатылганов мектебине 7-классында  борбор шаардан которулуп келген.  Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинде  окуп жаткан учурунда Алтынай көптөгөн ийгиликтерге жетише алды . Алар:

Access Microscholarship программасынын 2017-2019 жылынын бүтүрүүчүсү.

9-клаасында мектепке жаны келген Access Microscholarship программасынын окуучусу болуп 2 жыл аралыгында мектептен тышкаркы учурда Англис тилин үйрөнүп, Америка каада салттары менен  таанышып, жана ыктыярчылык иштери менен алектенген. Айылдагы Access командасы менен чон класстардын окуучулары үчүн “English talking club” жана башталгыч класстардын окуучулары үчүн “English course” окутуу курстарына катышкан. Алтынай англис тилин башка окуучуларга  үйрөтүүнү каалап, болгон билимин башкалар менен бөлүшүүгө аракет кылып келген. 2019-жылы жазында мектепте биринчи “Spring Camp” окуучуларга өздүк өнүгүү жана англис тили темасында жазгы лагерь  өткөргөн. Лагерь учурунда Алтынайга Flex тен чалып программага өткөнү тууралуу кабарлашкан.

FLEX (Future Leaders Exchange Program) программасынын 2019-2020-жылынын бүтүрүүчүсү.

2018-жыл жайдан баштап Flex ке кызыгып, программа тууралуу маалымат чогултуп, бүтүрүүчүлөр  менен сүйлөшүп,  англис тилин теренирээк окуп, тил курсуна жайкы жана кышкы каникулда бир айдан окуп (Access тен тышкары), ыктыярчылык иши менен көп алектенип өзүнө мындайча айтканда “резюме” чогулта баштаган. FLEXтин бардык 3 турунан өтүп 2019-жылы Америкага учуп кеткен.

11-классты Американын Тундук Дакота штатындагы Beach шаарчасында жашап Beach High School мектебинде окуган.  Америкадагы үй бүлөсү, мугалимдери жана достору менен бир жылды сонун өткөргөн. Алтынай  үчүн  Flex “if you dream it, you can do it” жана “do what you can, with what you have and where you are” макалдары менен терен байланышта. Анткени максатына жетүү үчүн   шилтеген кадамдары, ыктыярчылык менен алектенүүсү, адамдар менен “network” куруусу, баарлашуусу маанилуу роль ойнойт.

Англис тили сабагынан олимпиадалардын катышуучусу.

Access тин экинчи жылында окуп жана Flexтин 1-2-турун тапшырып жүргөн  учурда мектепте “English Language Olympiad” мектептеги олимпиададан 1-орун, мектеп аралыкта 2-орунду алып, Нарында өтчү олимпиадага катыша алган.

Жаш Талант, Манас Таануу, American Song Contest:

Мектеп ресурстарын колдонуу боюнча: жыл сайын Ак Талаада районунда  өтүлчү “Жаш Талант” конкурсуна кол өнөрү  жана ыр сынактары боюнча 2 жыл катары менен катышып келген. Ал эми “Манас Таануу” сынагына катышып Манас эпосун окуп-биле алдган. Мектепте уюштурулган “American Song Contest” сынагынан өтүп Ак Талаага районуна барып катышып келүүгө жолдомо алган. Бул сынактар  лидерлик жана эл алдында сүйлөө сапаттарын жогорулатууга жардам берди.

Stipendium Hungaricum – ELTE’25

Азыркы учурда  Венгриянын борбор калаасы Будапешт шаарында Eötvös Loránd (ELTE) университетинде Психология жаатында окуйт. Будапешт абдан кооз шаар. Окуу толугу менен Англис тилинде болот. Англис тилин билүү  билим тармагында жана чет элдик досторду табууда чон пайдасын тийгизип келет.